Абдан катуу уят болуу, аябай уялуу, сынып калуу. Төлөмүштүн жан тери келип, жети өмүрү жерге кирип, телмирип көпкө турду (Бердикеев). Жети өмүрү жерге кирип, ыза муундурса да Бурма көзүнө жаш албаптыр, өгөй эненинмиң токмогунун бири деген го кыязы (Кушубеков). Жардап карап турган кыздар дуу күлүп жибергенде, Абдыкалыктын ого бетер паразаты тепселип, жети өмүрү жерге кирди (Байтемиров).
Тамак аңдып келгенсип жети өмүрүбүз жерге кирип, сыртка чыкканча шаштык («Чалкан»). Ал ызаланып шагы сынганынан жети өмүрү жерге кирди (Бектенов).
Абдан катуу уят болуу, аябай уялуу, сынып калуу. Төлөмүштүн жан тери келип, жети өмүрү жерге кирип, телмирип көпкө турду (Бердикеев). Жети өмүрү жерге кирип, ыза муундурса да Бурма көзүнө жаш албаптыр, өгөй эненин миң токмогунун бири деген го кыязы (Кушубеков). Жардап карап турган кыздар дуу күлүп жибергенде, Абдыкалыктын ого бетер паразаты тепселип, жети өмүрү жерге кирди (Байтемиров). Жерге кирип жети өмүр, Уялгандан өлбөдү («Мендирман»). В.: Жети өмүрү жерге кирүү. Тамак аңдып келгенсип жети өмүрүбүз жерге кирип, сыртка чыкканча шаштык («Чалкан»). Ал ызаланып шагы сынганынан жети өмүрү жерге кирди (Бектенов). Жети омурткасы жерге кирүү. Аны уккан сайын жети омурткам жерге кирип, ушу күндү көргүчө өлгөнүм жакшы деп кетчүмүн(Абдукаимов). Жети өмүрү жерге житүү. Чоң кишилер айтканда жети өмүрүбүз жерге житип, салбырап калчубуз (Медетов).